SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Адабий кече

7 Декабря 2018

SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде 2018-жылдын 28-ноябрында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Кыргыз уулу Чыңгыз Айтматов – дүйнөлүк адабияттын алпы” аттуу адабий кечеси өткөрүлдү.

Бул иш-чарага утурлай мектепте Ч. Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча дубал газеталар, окуучулардын эмгектери дилбаян, эссе, сүрөттөр, китепчелер менен бурч уюштурулду. Китепкана башчысы Кыдыралиева Гүлзат уюштурган китеп көргөзмөсү окурмандар үчүн жакшы саамалык болду.

Кечеге 6 - 8 – класстын окуучулары “Ак кеме”, “Бетме-бет”, “Саманчынын жолу” повесттеринен, “Кыямат” романынан үзүндүлөрдү сахналаштырып көрүүчүлөргө тартуулашты.

Кеченин ардактуу коноктору Илимдер Академиясынын алдындагы Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун мүдүрү, академик Абдылдажан Акматалиев, жазуучунун бир тууган жээни Асан Ахматов эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген актрисасы Шайыргүл Касымалиева аткарган Найман эненин монологу ар бир окуучунун жүрөгүнөн орун алды, ал эми Шайыр эженин театралдык студиясынын кичинекей артисттери турмуштук сюжеттерден алынган чакан этюддарды эң жогорку чыгармачылык деңгээлде аткарып беришти.

Бул иш чара ар бир катышуучунун жүрөгүндө жылуу пикир калтырды.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям