SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Ачык асман алдындагы балдар бакчасы

16 Октября 2018

Урматтуу достор, биз BMZ Мурас-Ордо жана Ак-Жар конуштарында жашаган BMZ долбоорунун катышуучуларынын балдары жайкы каникулду кандай өткөргөндөрү тууралуу айтып берүүнү чечтик.

Июнь айынын алгачкы күнүнөн тарта жогоруда аталган конуштардын 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдары BMZ долбоору уюштурган ачык асман алдындагы балдар бакчасына бара башташты.

6-7 жаштагы балдарга мектепке даярдануу боюнча сабактар өткөрүлдү. Балдар муундап окуганды, санаганды жана жазганды үйрөнүштү. Мындан сырткары, көркөм сүрөт, айлана-чөйрөнүү таануу, сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жаатында сабактар болду. Ал эми 3 жаштан 5 жашка чейинки балдар үчүн майда жана ири моториканы, сүйлөөнү, социалдык көндүмдөрдү жана билип-таануу жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган сабактарды алышты. Сабактар интерактивдүү оюндар менен коштолуп жатты. Балдар ынтызарлык менен ыр жатташып, жомокторду угушуп, ырдап жатышты. Бөбөктөр өз алдынчалыктын алгачкы көндүмдөрүнө ээ болушуп, денесин таза кармоону, бири-бирине жардам берүүнү үйрөнүштү. Ата-энелердин айтымы боюнча, балдар бакчаны ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, дем алыш күндөрү да бакчага барууну өтүнүшкөн.

Кинтеатрга, "Иллюзион" паркына жана "Ала-Тоо" аквапаркына барган балдар аябагандай көңүлдүү эс алышканын белгилеп кеткибиз келет.
Мындан сырткары, кызматкерлер жана ыктыярчылар балдар үчүн таза абада оюндарды өткөрүштү. Шайыр жана кыймылдуу оюндар апалар даярдаган даамдуу түшкү тамактануу менен аяктады.

Чет элдик ыктыярчылар менен балдар тилдерди үйрөнүшүп, кол эмгек менен алектенишип, кыймылдуу оюндарды ойноп жатышты.
Бүгүнкү күндө балдар жайкы каникул, шаңдуу өткөргөн күндөрүн эстешип, досторуна жарыша айтып берип жаткан чагы.

Биз балдар жаңы билим гана албастан, бири-бирин жакшы таанышып, жакын достордон болушту деген ишенимдебиз.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям