SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Социалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктайбыз!

19 Октября 2018

“Кыргызстандын SOS Балдар Айылдары” коомдук фонудунун мүдүрүнүн жана улуттук кеңсесинин жалпы жамаатынын атынат социалдык кызматкер кесиптештерибизди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!  Жардамга жана колдоого муктаж адамдарга  камкордук көрүү — бийик адамгерчиликти жана  боорукерликти талап кылат. Сиздердин жылуу мамиле, кайрымдуу эмгегиңиздер  биздин жардам алуучулардын — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, тартыш турмушта жашагандардын, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын демине  дем кошуп, жаркын келечекке ишенимин арттырып турат.

Сиздердин боорукердигиңиздерге, адамдар жаны кейип, жардамга муктаж учурунда туура сөз таап, жоошутууга кол сунууга даярдыгыңыздарга таазим этебиз.

Жүрөгүңүздөрдөгү кайрымдуулук эч качан өксүбөй, жардамга муктаж адамдарга тартуулаган боорукерлик, кайрымдуулук жана жакшылыктар өзүңүздөргө көп эсе кайтып келсин! Сиздердин  түйшүктүү ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

“Кыргызстандын SOS Балдар Айылдары” коомдук фонуду баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, чың ден-соолук, бакыт-таалай жана  ишиңиздерге ийгиликтерди каалайт.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям