SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Чолпон-Ата SOS Балдар айылдарынын Жаштар үйлөрү

Жаштар үйү этабында өспүрүмдөр кесип гана албастан, коомдо жашаганга, өз алдынча чечим кабыл алганга, максат коюп жана ага жетишүүгө үйрөнүшөт. Чолпон-Атанын № 1 Жаштар үйү 2007- жылы Бишкек шаарында ачылган. 2011-жылы Каракол шаарында № 2  Жаштар үйү ачылган.  Азыркы мезгилде эки Жаштар үйүндө ЖКП жана (Студенттерди колдоо Программасы) СКП программалары боюнча 37 жаштар бар. Жаштардын бешөө жогорку окуу жайларында жогорку билим алып, жогорку класстагы адис болууну каалашат. Өспүрүмдөрүбүз окуудан сырткары өздөрүнүн кызыкчылыктарын, шыктарын жана позитивдүү сүйлөшүү боюнча шыктарын, тажрыйбаларын өнүктүрүп жатышат. Абдыкадыров Бек, мисалы жогорку окуу жайында дипломат кесибин алуу үчүн окуп жатат. Окуу менен бирге ошондой эле сүйүктүү иши- эстрадалык вокал менен дагы машыгууда, жана ЖОЖ нын гана ар кандай иш чараларына катышпастан, шаардык концерт долбоорлоруна дагы катышат. Анын жакшы ийгиликтери жана жетишкендиктери бар. Азыр ал «Жаш канат» долбооруна катышып жатат. Биз ал үчүн абдан жан тартабыз. Ар бир баланын өз жетишкендиктери бар, бирөөнүкү көбүрөөк, бирөөнүкү андан дагы көп, бирок алардын ар бири татыктуу жана көз карандысыз жашоо курууга умтулушат.
2010- жылдан баштап жарым көз карандысыз жашоонун этабы башталган, ал көз карандысыз жана өз алдынча жашоого акырындап өтүүнү көздөйт. Жаштар профессионалдык тажрыйбаларды алышып, өз карьераларын курганга аракет кылышат. Кээ бир жаштар өз үй-бүлөлөрүн куруу жөнүдө ойлоно башташат. Ошентип  эки кыз турмушка чыгышты, жана бир бала үйлөнүп, үй-бүлөнүн жоопкерчилигин мойнуна алды.  
 

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям