SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Билим жагынан колдоо

2006-жылдын декабрь айынан баштап, Чолпон-Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы мектептеги, жана эки бала бакчадагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган   «Schooling» долбоору иштей баштады. Бул долбоор боюнча мектеп компьютерлер менен, видеопроектор, видеокамера, фотокамера, DVD менен жабдылган, ошондой эле мектеп  мектепке атайы жаңы мебель берилген.

Китепканасы заманбап китептер, көрсөтмө куралдар, видео жана аудио материалдар менен жабдылган. Балдар канааттануу менен жарык жана ыңгайлуу класстарда сабак өтүшөт. 2012- жылы мектепке 2 интерактивдүү доска сатылып алынган. Мектептин жана балдар бакчасынын  педагогикалык составы окутуу жана өнүктүрүү тренингдерин өтүштү, өздөрүнүн квалификациясын курстарда жогорулатышып, Бишкектеги Герман Гмайнердин мектебиндеги жана Ысык көл районундагы коллегалары менен тажрыйба алмашып жатышат. 2007-жылы Чолпон-Ата Балдар айылында өткөн «Schooling» долбоору боюнча эл аралык жолугушуу Эстония, Беларусия Армения, Азербайджан, Грузия, Узбекистан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ушул сыяктуу долбоорлордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен, жана долбоордун жакшы иш чараларынын жыйынтыгын көрсөттү. Ошондуктан Долбоордун координатору,Чолпон-Ата Балдар айылынын директору (мектептин директору) Ворочеванын Л.Н демилгеси менен жана(«Schooling» долбооорунун континенталдык жетекчиси), айым Сирье Раагметсдин колдоосу менен 2012-жылы А.Осмонова атындагы мектеп-гимназия «БилимОрдо» мектеп –комплексине айландырылган.

Эми бул билим берүү комплекси мектепте сапаттуу окуу процессин гана камсыз кылбастан, балдарды мектепке даярдайт (мектепке чейинки билим берүү) жана балдарды негизги кесиптерге окутат. (баштапкы профессионалдык даярдык). Бул добоордун чегинде 2004- жылдын февраль айынан бери иштеп жаткан Герман Гмайнердин Балдар бакчасы Балдар айылынын билим берүү бирдиги болуп, «Билим Ордо» мектеп- комплексине өткөрүлүп берилген, эми ал өкмөттүк бюджеттен каржыланат. Бүгүнкү күндө «БилимОрдо» мектеп-комплекси 1547 балага билим берүү кызматын көрсөтүп жатат.

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям