SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

SOS Балдар Aйылы Чолпоната

Айылдын расмий ачылышы 2002-жылы, 22- июнда болду. Биринчи балдар айылга 2002 –жылдын декабрь айында келишкен, биринчи 14 бала болчу, жыл сайын балдардын саны өсүп отурду. Азыркы күндө Чолпоната Балдар айылы 114 бала үчүн үй болуп калды. 77 бала балдар үйүндө тарбияланып жатышат. Балдар айылдары–үй-бүлөлүк тарбиялоонун базасындагы, узак убакытка үй-бүлөлүк асыроонун модели. Ошондуктан ар бир үй-бүлөлүк үйдө, 12 үй-бүлөлүк үй бар, алардын ар биринде жылуу жана ыңгайлуу атмосферада балдар өз апалары менен жашап жатышат.

SOS Айылынын балдары жергиликтүү А.Осмонов атындагы мектепте окушат жана мектепке чейинки билимди, Балдар айылынын территориясында жайгашкан, «Герман Гмайнер» атындагы балдар бакчасынан алышат. Мектептеги программалардан сырткары балдар англис тили боюнча кошумча сабактарга чоң кубаныч менен барышат, эркин күрөш,футбол жана кол өнөрчүлүк кружогуна катышышат.

Кыздар көп жолу прикладдык искусство боюнча конкурстарда, балдар болсо футболдук матчтарда алдыңкы орундарды алып келишкен. Балдар үчүн профориентация боюнча, жыныстык жактан тарбиялоо боюнча тренингдер өткөрүлүп турат, ошондой эле тоого чыгуулар уюштурулат.

                                                                                                                                                

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям