SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

SOS Балдар Айылы Бишкек

«Калтырылып калган балага апасын, байке, эжелерин, үй жана айылды берүү– мындан сонун жардамды мен билбеймин», – деп улуу австриялык гуманист, тарбиялоонун айрыкча үй-бүлөгө жакындаштырылган, өзгөчө типтеги балдардын мекемеси болгон «SOS –Балдар Айылдарынын» – түзүүчүсү Герман Гмайнер айткан.
Бишкек SOS Балдар айылдары Бишкек шаарында курулуп, 1999-жылы иштей баштаган. Ал жерде азыр Кыргызстандын бардык региондорунан 4 жаштан жана андан улуу ар кандай улуттагы жана диндеги балдар бактылуу жашап жатышат. Бизде 142 бала тарбияланып жатат. Балдар айылынын өзүндө 84 бала жашайт. (42 бала жана 42 кыз ). Бул балдар ушул жерден келечекке үмүт алышкан жетим балдар. Алар 14 үй-бүлөлүк үйлөрдө жашашат.(үйлөр күндү символдоштуруп тегерек болуп жайгашкан), үй--бүлөгө жакындаштырылган шарттарда ал жерде алар үйлүү, апалуужана чоң үй-бүлөлүү болушту. Биздин уюм мындай балдарга үй-бүлөдө жашап, тарбияланууга мүмкүнчүлүк берүү ишин алып барат. Балдарды тарбиялоо менен SOS-апа – үй--бүлөлүк жардамчы иш алып барат. Тарбиялануучуларды жакындан жандап жүрүү үчүн үй- бүлөлүк тарбиячылар -.SOS эжелер.  жардам беришет. Бишкек SOS Балдар айылдарында азыр 13 SOS-апа жана 9 SOS- эжелер иштешет. (алардын 6 кызматкери Балдар айылдары түзүлгөндөн бери иштешет). SOS-үй-бүлөлөрдү колдоо педагогикалык штат кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат. (социалдык педагог, психолог, социалдык кызматкер). Бишкектеги SOS Балдар Айылдарынын иштерин Координациялоо- асыроонун үй-бүлөлүк формасынын жетекчиси тарабынан ишке ашырылат.
Ар бир баланын өсүшүнө активдүү колдоо көрсөтүлөт Ар бир бала өз муктаждыгына жана шыгына жараша жекече өсүү мүмкүнчүлүгүн алышат. SOS апа өзүнүн- SOS үй-бүлөсүнүндө балдардын өсүшүнө багыт берет. SOS Балдар айылдарынын башка кызматкерлери аны колдоп, ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүп, айылда жок ар кандай иш чараларды уюштурушат. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн өсүшү үчүн жекече мүнөздөгү программалар ишке ашырылат. Психолог-педагогдордон турган штат тарабынан, ошондой эле чакырылып келген адистер тарабынан зыяндуу адаттарды, ВИЧ жана СПИДди алдын алуу боюнча, жана жыныстык-нравалык жактан тарбиялоо боюнча сүйлөшүү, коммуникация, конфликтология, балдардын укуктары боюнча тренингдер өткөрүлөт.
Бардык кызматкерлер ар бир баланын укугун сыйлашат жана коргошот. Балдар кружоктордо, спорт секцияларында машыгышат, музыкалык мектептерде, чет тилдерин окуу жана башка билим берүү борборлорунда окушат. Бишкек шаарынын SOS- Балдар айылдарынын тарбиялануучулары футбол менен активдүү машыгышат. Футбол командасы көчө футболу боюнча ар кандай шаардык жана өспүрүмдүк турнирлерге, достук матчтарга, жана жалпысынан Кыргызстандын жана Бишкек шаарынын асыроо системасы мекемелеринин тарбиялануучулары менен башка кездешүүлөргө катышышат.
 

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям