SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

«Афлатун» программаснын алкагындагы кайрымдуулук долбоору

12 Декабря 2017

Бул жылы Чолпон-Ата ш. SOS Балдар айылынын тарбиялануучулары “Афлатун” программасынын алкагында долбоорлорду жазып жана ишке ашыра башташты. Балдар жаңы жыл алдындагы долбоорду көптөн бери кандайдыр бир керемет күтүп жүргөндөргө багыштоону чечишти. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган жардамга муктаж 2 үй-бүлөнү тандап алышты.

Аталган үй-бүлөлөр үчүн долбоорго бөлүнгөн акчага (3000 сом) окуу куралдары, оюнчуктар, кийим-кече, азык-түлүк алынды. Мындан сырткары, балдар акчалай түрдө жардам берүү максатында макулатура өткөрүштү.
Бардык даярдыктардан кийин, 12 декабрь  күнү балдар үй-бүлөлөрдө мейманда болуп кайтышты. Жолугушуу учурунда үй-бүлө мүчөлөрү суроолорго жооп беришип, көңүлдөрү көтөрүңкү отурушту. Биздин тарбиялануучулар балдардын жашоого болгон көз караштарына, умтулуусуна, оптимисттик маанайларына таң беришти.
Коштошуп жатып, тарбиялануучуларыбыз кайрылып келүүгө убада беришти.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям