SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөргө социалдык жардам

21 Сентября 2017

21 сентябрь күнү Чолпон-Ата ш. Үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунда оор турмуштук абалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү жолдоруна арналган тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чарага 12 айыл аймакта эмгектенип жаткан социалдык кызматкерлер, Ысык-Көл райондунун социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы жана анын орун басары, райондук үй-бүлө жана балдар иштери боюнча бөлүмдүн башчысы жана мүмкүнчлүктөрү чектелген адамдар менен иштешкен башкы адис келишти. Тегерек столдун максаты – Ысык-Көл районунун жетекчилигинин, райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жана Үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөрдү аныктоо, алардын жашоо-шарттарын оңдоого ар тараптуу чараларды көрүү жана жакырлыктын алдын алуу жаатындагы эффективдүү иштешүүсү боюнча концепция түзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоорубуз оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөргө кандай жолдор менен жардам көрсөтөөрүн толук ачып берип, бул жаатта мамлекет менен иштешүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүп берди. Тегерек столдун жыйынтыгында шериктештик жөнүндө чечим кабыл алынып, ар бир айыл аймагында бардык тараптар катышкан жыйын өткөрүү пландалды.

Мындан сырткары, тегерек стол учурунда социалдык кызматкерлерди кейс-менедментке окутуу жана кесиптик күйүп кетүүнү алдын алуу боюнча маалымат берүү жөнүндө сунуш киргизилди.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям