SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Голландия жана Бельгиядан келген ыктыярчылар

11 Августа 2017

3 августтан 10 августка чейин өткөн жайкы лагерде Голландиядан жана Бельгиядан келген ыктыярчылар эмгектеништи.

Лагерь учурунда ыктыярчылар Келечек, Мурас-Ордо, Ак-Жар конуштарында жашаган балдар үчүн бисерден кооздуктарды жасоо, пластилинден оюнчуктарды даярдоо жана ыр-бий боюнча мастер-класстарды өткөрүштү. Эң маанилүүсү, балдарга англис тилинде сүйлөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү.              

Мындан сырткары, ыктыярчылар лагерге келген  балдардын ата-энелери менен жолугушуп, үй-бүлөлөргө жумшак оюнчуктарды жана кийим-кечелерди беришти. Лагерь аяктарга аз калганда, ыктыярчылар 45 миң сомго окуу куралдарын сатып алышып, жогоруда аталган конуштарда жашап жаткан 60 балага тапшырып, окууларына ийгилик каалап кетишти.

Өз кезегинде балдар дагы меймандарга алар тартуулаган кызыктуу жана маалыматка бай убакыт үчүн ыраазычылык катарында өздөрү тарткан сүрөттөрдү тартуулашты. Ошентип, ыктыярчылар бөбөктөрдүн сүрөттөрү жана Кыргызстан жөнүндө жагымдуу элестер менен өз мекендерине кайтышты.

 

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям