SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Бөбөктөргө шаңдуу маанай

19 Апреля 2017

11-апрелде Бишкек шаарынын SOS Балдар Айылынын кичинекей тургундары КУУнун "социалдык кызмат" багытында окуган студенттери тарабынан уюштурулган кызыктуу иш-чарага катышышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты - студенттерге балдар менен иштешүү багытындагы социалдык кызматтын жаңы ыкмаларын үйрөтүү, ошону менен бирге кичинекей балдар үчүн бул - кызыктуу эс алуу болуп саналат.

Балдар көңүл ачкан конкурстарга жана оюндарга катышышып, музыка жана бий номерлерин, кызыктуу жомок, атүгүл сыйкырчынын оюнуна күбө болушту.

Эч ким белексиз  калган жок! Китептер, таттуулар жана оюнчуктар өз ээлерин таап, оюн бүткөн соң, баардыгы чогуу даамдуу тамакка отурушту.

КУУнун студенттери каражат чогултуу максатында  жарманке уюштурганын белгилей кетүү маанилүү.
Биздин балдарга тартуулаган көңүлдүү оюн-зоок үчүн студент улан-кыздарга терең ыраазычылык билдирмекчибиз.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям