SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Бишкектеги BMZ долбоору

26 Апреля 2017

Ушул таптан баштап турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнү көздөгөн BMZ долбоору Бишкек шаарында иштей баштады.

Айта кетсек, 2014 жылдан баштап Германиянын экономикалык шериктештик жана социалдык өнүгүү федеративдик министрлиги тарабынан каржыланган жана “SOS Кыргызстан Айылдары” коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган бул долбоор Чолпон-Ата шаарында жардамга муктаж көптөгөн үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп келе жатат.

20-апрелде Бишкек шаарында долбоордун бет ачары болуп өттү. Белгилүү болгондой, долбоор 2020-жылга чейин иштеп, бул убакыт аралыгында Ак-Жар, Мурас-Ордо конуштарында  жашаган жардамга муктаж 275 үй-бүлөгө экономикалык туруктуулук механизмдерин жана кыйынчылыктарды жеңе билүү жолдорун үйрөтүү пландаштырылууда.

Долбоордун келечектеги катышуучулары - ата-энелеринен ар кандай себептерден улам (жакырчылык, ата-энеси же балдары оорукчан, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, экинчи же үчүнчү никеге тургандар ж.б.у.с) ажыроо коркунучу алдында турган жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөр.

Бардык жаңылыктар

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям