SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Жаңылыктар

  • 23 Сентября 2017

    Кыргыз тили күнү

    Биз балдарды ата мекенди, улуттук маданиятыбызды жана эне тилибизди сүйүүгө, урматтоого үгүттөө менен тарбиялайбыз. Андыктан, 23 сентябрь күнү Чолпон-Ата ш. SOS Балдар айылында өткөн кыргыз тили майрамын тарбиялануучулар өзгөчө маанай менен майрамдашты.

  • 21 Сентября 2017

    Оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөргө социалдык жардам

    21 сентябрь күнү Чолпон-Ата ш. Үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунда оор турмуштук абалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү жолдоруна арналган тегерек стол болуп өттү.

  • 11 Августа 2017

    Голландия жана Бельгиядан келген ыктыярчылар

    3 августтан 10 августка чейин өткөн жайкы лагерде Голландиядан жана Бельгиядан келген ыктыярчылар эмгектеништи.

  • 26 Июля 2017

    Тарбиялоочуларды мектепке даярдоо техникасына үйрөтүү

    15 июльдан 21 июльга чейин Бишкек ш. BMZ (Жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүү) долбоорунун алкагында балдар бакчаларынын тарбиялоочулары үчүн балдарды мектепке даярдоо боюнча тренингдер болуп өттү.

  • 26 Июля 2017

    Өспүрүмдөрдүн жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү

    Айдын башында Бишкек ш. Үй-бүлө бекемдөө долбоорунун (Үбд жана BMZ) кызматкерлери “Өспүрүмдөрдүн жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү” аталыштагы тренинг уюштурушту. Бул иш-чарада турмуштук оор абалда турган үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан өспүрүмдөр критикалык ой жүгүртүүнү өрчүтүүнү, чыр-чатактарды туура чечүүнү, инсан катары өнүгүп-өсүүнү жана болгон теоретикалык билимди жашоодо колдоно билүүнү үйрөнүштү.

  • 26 Июля 2017

    Бишкек ш. SOS Балдар айылындагы жайкы каникул

    “Жайкы лагерь” сөз айкашын укканда эле балдардын көңүлү көтөрүңкү боло түшөт, андыктан бул жылы да биздин кызматкерлер Бишкек ш. SOS Балдар айылынын ыктыярчылары менен бирге жайкы лагерь уюштурду.

  • 20 Июля 2017

    "Жетиген" лагериндеги инклюзивдик тайпа

    Чолпон-Ата ш. SOS Балдар Айылынын тарбиялануучулары башка ата-энесинин камкордугусуз калган жана мүмкүнчүлүгү чектелген, ден соолугунда өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен бирге “Жетиген” лагериндеги инклюзивдик тайпанын алкагында эс алып кайтышты.

  • 11 Июля 2017

    Бал челек иштетүү боюнча жаңы билим ээлери

    11 июль күнү Чолпон-Ата ш. Үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунда бал челек иштетүү боюна толук курстун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Окуудан өткөндөр – кандайдыр бир себептер менен турмуштук оор абалда болуп, бирок кыйынчылыктарга карабастан, жакырчылык менен күрөшүүгө болгон күчүн жумшап, жаркын жашоого умтулган үй-бүлөлөр.

  • 1 Июля 2017

    Жай саратанындагы эмгек

    Июнь айы – элет жеринде эмгек кызыган убак. Чолпон-Ата ш. Үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун кызматкерлери балдар жана ата-энелер үчүн кызыктуу жана пайдалуу иш-чараларды өткөрүп, бир катар жакшы иштерди аткарууга жетишишти.

  • 23 Июня 2017

    Туулган күнүң менен, Герман Гмайнер!

    23 июнь – улуу гуманист жана SOS Балдар Айылдарынын негиздөөчүсү Герман Гмайнердин туулган күнү. Бул жылы майрам өтүшүнө жооптуу Балдар комитети Герман Гмайнердин урматына арналган салтанат аземин уюштурду.

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям