SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Биздин тамырларыбыз

Биринчи SOS Балдар айылдары- Герман Гмайнер тарабынан 1949- жылы
Имст, шаарында Австрия түзүлгөн. Ал өз жашоосун жардамга муктаж болгон, үй- жайы жок калган, өзүнүн коргоо сезимин жоготкон балдарга, Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда ата-энесинен айрылган балдарга арнаган. Ошол мезгилден баштап, биздин уюм өсүп-өнүгүп, дүйнө жүзүндүгү балдарга жардам берип жатат.

Биз өкмөттүк эмес коомдук уюм катары, тарбия жаатында балдардын бакыбаттуулугу үчүн иштейбиз. Биз ар кандай диндерди жана маданияттарды сыйлайбыз, биздин миссиябыз алардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтө алган коомдордо жана өлкөлөрдө иштөө. Биз БУУнун балдардын укугу боюнча Конвенциясынын духунда иштейбиз, жана бул укуктардын дүйнө жүзү боюнча бекемделишине көмөк көрсөтөбүз.
SOS – Балдар айылдары концепциясына негизделип, биздин уюм биринчилерден болуп үй-жайы жок калган, жетим балдар жөнүндө кам көрүп, аларды багуу боюнча узак убакытка созулган программаны колдонду. Бул концепция төрт принципке негизделген:

Апа: Ар бир баланын кам көргөн апасы бар 

SOS – апа, ага ишенилип берилген ар бир бала менен жакын мамилелерди түзөт, жана ар бир балага керек болгон сүйүү, туруктуулук жана анын корголуусун, камсыз кылат. Профессионалдык тарбиячы болгондуктан, апа өзүнүн балдары менен жашайт, жана алардын өсүшү боюнча иш чараларды алып барат, жана өз алдынча үй чарбачылыгын жүргүзөт. Ал ар бир баланын тарыхын, маданий тамырларын жана динин билет жана сыйлайт.

Эже-сиңди жана байке-инилер: үй-бүлөлүк байланыштар кадимки жол менен түзүлөт.

Ар кандай жаштагы балдар жана кыздар бирге эже- байке өңдүү байкелери, инилери жана эжелери менен бирге –SOS үй-бүлөдө жашашат. Бул балдар өздөрүнүн SOS – апалары менен үй-бүлөлүк байланыштарды түзүшөт, бул байланыштар өмүр бою уланып, колдоого алынып турат. 

Үй: Ар бир үй-бүлө өзүнүн үйүн түзөт

Үй өзгөчө бир атмосферасы, ритми, чарбалык камкордугу бар жашоочу жай. Анын чатырынын алдында балдар чындап эле бир үй-бүлөгө таандык болгонунан, өзүнүн корголуу сезиминен канааттануу алышат. Балдар бирге окуп, жана бирге өсүшөт, ар бир күндүн милдеттерин, кубанычтарын жана капалыктарын бирге бөлүшүшөт. 

Айылдар: SOS-үй-бүлөсү коомдун бөлүгү болуп эсептелет.

SOS – үй-бүлөлөр өздөрүнүн коргоо атмосферасын түзүп, бирге жашашат, ал жерде балдар бактылуу балалыкка кубанышат. Үй-бүлөлөр тажрыйбалары менен бөлүшүшөт, жана бири-бирине жардам беришет. Алар биргелешкен жалпы ишке көрүнүктүү салым кошкон бир топ катары жашашат. Өзүнүн- үй-бүлөсүндө, айылында жана жергиликтүү коомунда, ар бир бала коомунун ишине активдүү катышканга үйрөнөт.

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям