SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Биздин миссиябыз

БИЗ КАНДАЙ ИШТЕРДИ АТКАРЫП ЖАТАБЫЗ

 

Жашай турган жеринен айрылган балдарга биз үй- бүлө курабыз. 

Биз жетим же ташталып кеткен балдар үчүн, же үй-бүлөсү кам көрө албай калган балдар үчүн иштейбиз. Мындай балдарга биз бекем үй-бүлөлүк мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк беребиз.
SOS– Балдар айылындагы биздин үй-бүлөлүк ыкмабыз төрт принципке негизделген: ар бир бала апага муктаж, алар өзүнүн үйүндө жаратылышына туура эже- байкелеринин арасында, айылдын достук-сүйүү чөйрөсүндө өсөт.
 

Биз аларга келечегин өздөрү курууга жардам беребиз. 

Биз балдарга өздөрүнүн маданияты жана динине жараша жашап, коомдун активдүү мүчөсү болууга  мүмкүнчүлүк беребиз.
Биз балдарга өздөрүнүн жекече шыктарын, кызыкчылыктарын жана таланттарын аңдап сезүүгө жардам беребиз.
Коомдун активдүү жана ийгиликтүү мүчөлөрү болушу үчүн, биз балдардын толук кандуу билим жана тарбия алышын камсыз кылабыз.
 

Биз алардын өсүшүнө катышабыз. 

Биз коомчолордун жашоосуна катышабыз жана коомдун колдоосуна өтө муктаж бөлүгүнүн балдарынын жана өспүрүмдөрдүн муктаждыктарына жооп беребиз.
Үй-бүлөнү бекемдөөнү максат кылган, жана социалдык жетимчиликтин пайда болушун алдын алган борборлорду жана программаларды түзөбүз.
Биз коом менен биригип, билим, медициналык жардам алуусун, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жеңип чыгууга жардам беребиз.
 

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям