SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Фонддун презентациясы

“SOS Кыргызстандын Балдар айылдары” Коомдук фонду
Жетим балдарга, ата-энесинен кароосуз калган балдарга жана ошондой эле ата-энесин жоготуу тобокелинде турган балдарга кызмат көрсөткөн өкмөттүк эмес, кайрымдуулук уюму. Коомдук Фонд “SOS – Kinderdorf International” Эл аралык фонду тарабынан 1996- жылы түзүлгөн, жана азыр дүйнөнүн 136 өлкөлөрүндө балдарга жардам көрсөтүп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 1996-жылдын, 27- декабрынын №605- Токтомуна ылайык,SOS Балдар айылдарын түзүү жана Кыргыз Республикасында ага байланышкан  долбоорлордун иштеши жөнүндө Келишимге кол коюлган. Бул келишим андан ары Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 24- июлунун №78- номери менен ратификацияланган.
Балдар айылдарын, балдар бакчаларын жана Окутуу-Тарбиялоо Комплексин куруу боюнча чечимдин кабыл алынышы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн суроосу боюнча болгон. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө ылайык, SOS Эл аралык Фонду оор, эң чоң социалдык обьектилердин курулуш милдетин алган, ошол эле убакта өкмөт бул долбоорлордун иштеп турушун колдоого алууга милдеттенген. Бишкек жана Чолпон Ата шаарларында эки SOS Балдар айылдары, жана эки SOS Балдар бакчалары курулган, ошондой эле Бишкек шаарында Герман Гмайнердин Окутуу- Тарбия берүү Комплекси дагы курулган. Азыркы учурда Бишкек шаарында жана Чолпон Атада толугу менен иштеп жатышат, анда үй-бүлөлүк кам көрүүгө муктаж болгон 248 бала жашап жатат. Эки Балдар айылында тең SOS Балдар бакчасы иштеп жатат. Фонддун билим берүү тармагындагы филиалдарынын бири Герман Гмайнердин Окутуу -Тарбия берүү Комлекси, SOS мектеби, анда социалдык топтордон жана бакыбат үй-бүлөлөрдөн дагы баардыгы болуп 470 бала кыргыз тилинде билим алып жатышат. 1996-жылы Кыргызстандагы Балдар айылдары курулгандан кийин ,жетим балдарды багууга жана ата-энесинен кароосуз калган балдарды кароого Герман Гмайнер Фонду тарабынан каржыланат. «SOS Кыргызстандын Балдар айылдары» Коомдук фонду жыл сайын социалдык жактан коргоо секторуна 70 млн. сомдон ашык өлчөмдө инвестицияларды тартат. Финансылык каражаттарды тартуу максатында жашоодогу оор абалдагы балдарды социалдык жактан коргоодогу кызыктар милдеттерин аткаруу үчүн, өкмөт тарабынан финансылык колдоо керек. Өкмөт тарабынан финансылык колдоо, андан ары эл аралык инвестицияларды социалдык асыроого тартууга мүмкүнчүлүк берет. «SOS Кыргызстан Балдар айылдары» балдарды асыроо системасынын өзгөчөлүгү –балдарды коргоонун, асыроонун ар кандай формаларын камсыз кылуу. SOS Айылына келген биринчи күндөн баштап эле, эгер жардамга муктаж болсо, биз жардам берээрибизди балдар түшүнүшү керек. Бул Герман Гмайнердин духунда, ал мындай деп айткан: «Биз өзгөчө эч нерсе жасаган жокпуз, биз жөн гана бул балдарга башка балдарда бар нерсени берели дейбиз» Бала же кийинчерээк өспүрүм, өз үйүн жасалгалап алуу процессине көңүлдөнүп,активдүү катышышы керек. (өзгөчө үнөмдөө маданиятын үйрөтүү керек, каражаттарды экономдоо, аларды колдонуу максаты тунук, ачык болушу). Биздин тапшырмабыз жөн гана берүү, сатып алуу ,же квартира үйлөрдү жаштарга сатып алуу эмес, алар үчүн бир нерсе жасоо эмес, биздин тапшырмабыз– аларды колдоо жана жардам берүү. Эгер керек болсо биздин жаштардын артына турууга даяр болушубуз керек.
Асыроонун үй-бүлөлүк формасы айылдан башталат:
1-Этап. Кыргызстан Балдар айылдары жетим балдарды, же ата-энесинен кароосуз калган балдарды соттун чечими менен кабыл алат. Баланы кабыл алганда, ал үй-бүлөлүк үйгө келет, аны SOS апа үй- бүлөлүк шартта кабыл алат. Ар бир SOS үй-бүлөдө 7-8 бала тарбияланат. SOS апа өзү үй-бүлөлүк үйдө жашайт, анда балдар кадимки эле үй-бүлөдөй толук кандуу жашашат. Бардык жашоо тиричилик , убакытты өткөрүү, жана ошондой эле алардын тарбияланышы кадимкидей үй-бүлөлүк шартта өтөт, бул баланын башка балдардай эле тарбияланышына шарт түзөт. Балдар айылынын SOS үй- бүлөдөгү балдар SOS балдар бакчасына, жана SOS орто мектепке, же балдар айылына жакын жерде жайгашкан муниципалдык мектепке барып турушат. .Мектепти бүтүрүп, 16 жашка чыккандан кийин, өзүнүн жашоосунун кийинки этабына өтүшөт.
2-Этап.   Мектепти бүтүргөндөн кийин SOS апа менен бирдикте келечектеги пландарын аныкташат. Тандоосуна жараша жогорку окуу жайына өтөт же, андан ары билим алуу үчүн профессионалдык –техникалык окуу жайына барат. Мында бала Жаштар үйүнө өтөт, (ЖҮ) ал жерде билим толук алып, 20 жашка чыкканга чейин жашайт. Жаштар үйүндө болгон мезгилде бала өз алдынча жашоо тажрыйбаларын алат. SOS апа тарбиялоо учурунда берген тажрыйбалардан сырткары, ал жашоонун кошумча тажрыйбаларын алат: жумушка орношуу тажрыйбасы, финансылык сабаттуулук (өзүнүн каражатын пайдалана билүү), конфликттүү ситуацияларды башкара билүү, адамдар менен мамилелерди түзө билүү, биологиялык туугандары менен мамилелерди колдоо. Профессия алгандан кийин, бала кийинки өз алдынча жашоонун деңгээлине өтөт - жарым көз каранды эмес жашоонун программасы.(ЖЖП).
3- Этап.   Бул этапта бала туруктуу жумуш таап, эмгек акысын алып өзүнүн үй алуусу жөнүндө ойлоно баштайт, бул системадан чыккандан кийин кайда жашаш керек экендиги жөнүндө ойлонот. Өнүгүүнүн бул этабында бала иштей баштайт, жана ижарага алынган үй же квартирага чыгат. Бул учурда, SOS биринчи жылы 50% колдоо, экинчи жылы 25% колдоо көрсөтөт. Ошентип, бала акырындап өз алдынча жашоого жана толугу менен көз карандысыздыкка өтөт.
4-Этап. Жарым көз карандысыз жашоо программасынан кийин, толугу менен көз карандысыз жашоого чейин, керек болон учурларга жараша жанадалып жүрөт. Мында бала толук көз карандысыздыкка өткөнгө чейин кошумча колдоого ээ болот. Жарым көз карандысыздык прогаммасынан кийин, бала системадан чыгат. Бул учурда ал SOS тон мыйзам боюнча алган ( пенсия, жөлөк пулду), өкмөттөн баланын социалдык статусуна жараша бардык сактап коюулган акчаларды алат. Ага дагы SOS системасы дөмөөрчүлөрдөн алган кошумча дотацияларын кошот. Бардык сумма баланын жеке счетунда, бала системада кезде тоңдурулган түрдө сакталып турат. Системадан чыккан учурда бала ушул жылдар бою жыйналган бардык 100% сумманы алат. Бул балага толук кандуу жаран катары,SOS тарабынан белгилүү бир финансылык колдоосу бар болуп чыгууга жардам берет.

5- Этап. SOSтун бүтүрүүчүлөрүн турак-жай менен камсыз кылуу программасы «Баштапкы» финансылык колдоосу жок өз алдынча жашоодо «алгачкы» үй сатып алууга ( жашоодо жетишкендиктин жана көз карандысыздыктын маанилүү шарты) жетишүү –дүйнөнүн көпчүлүк жаштары үчүн абдан кыйын). Алар өз үй-бүлөлөрүнүн чындап колдоосуна муктаж.  Мындай колдоону күтө албаган, SOS Балдар айылдарынын балдарына жана жаштарына бул маселени чечүү андан дагы кыйын. Мына ошондуктан, биз алардын SOS Балдар айылдарынын үй-бүлөсү катары, аларга так жана даана чийилген жолду көрсөтүү менен жардам беришибиз керек. Жаш балдарды үй сатып алууда колдоо программасын түзүү – өзү чоң ийгилик, бул алар үчүн чоң жана узак көз каранды эмес жана автономдуу жашоонун жолунун башталышы.Көп жылдардан бери балдарды профессионалдык асыроо менен иш алып барып жатып, биз мындай жыйнтыкка келдик: экономикалык жана профессионалдык муктаждык катары өз алдынча жашоодо SOS Балдар айылдарындагы биздин жаштарыбыз үчүн тарбиялоонун бүтүрүүчү этабын, өз алдынча жашоодогу ийгиликке болгон трамплин кылып аяктоо керек. Бул SOS Балдар айылдарынын принциптеринин духунда гана эмес, демөөрчүлөрүбүздүн жана жардамчыларыбыздын алдындагы биздин милдетибиз. Бүтүрүүчү сатып алуучу үйдүн 40% чогулган кезде, ал үй сатып алуу жөнүндөгү арыз менен кайрылат. Үйдүн баасынын 20% тарбиялануучунун бардык сакталып турган счетундагы акчаларынын эсебинен жабылат, мындай учурда SOS үйдүн баасынын калган 40% төлөп берүү үчүн демөөрчү табууга аракет кылат.
2012- жылы SOSтун бүтүрүүчүлөрүнүн бири арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынан квартира сатып алып, толук кандуу, өз алдынча жашоо баштады. 


 

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям