SOS Балдар Айылдары Кыргызстан

Ар бир балага сүйүктүү үй

  • РУ  |  
  • КЫР  |  
  • EN
азыр жардам көрсөтүү

Отчеттор

Жакып уулу Бекболсун Абдан шыктуу жана чоң үмүт берген тарбиялануучу. 2011-жылы Бекболсун  Герман Гмайнер атындагы SOS мектептин бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, мектепти «эң жакшы» деген баага аяктады. Бекболсун– Бишкек Балдар айылынын сыймыгы, абдан жоопкерчиликтүү жана тарбиялуу жигит. Бекболсун өзүнүн күчүн чет тилдерин окууга жумшаган, немец тилинде абдан жакшы сүйлөгөнүнөн сырткары, ал англис тилин терең окуп жатат.
    2011- жылы апрелде, Жакыпуулу Бекболсун МГИМОнун Эл аралык мамилелер факультетинин кирүү экзамендер конкурсуна катышкан, жыйынтыгында ал бюджеттик негизде бул окуу жайына кабыл алынган. Азыркы мезгилде Бекболсун экинчи курсту бүтүрдү. 
2012- жылдын август айында Жакып уулу Бекболсун Президенттик чет элде окуган кыргызстандык шыктуу, таланттуу студенттер программасынын – утуп алган. Бекболсун, МГИМОнун Эл аралык мамилелер факультетинин 2- курсунун студенти, бул стипендияны жеңип алган 18 студенттин арасында. Өкмөттөн 400 АКШ долларын ай сайын колдоо катары алып турат. Балдар айылдарындагы таланттуу балдар өздөрүнүн жогорку жетишкендиктери менен биздин уюмду гана даңазалабастан,бүткүл өлкөбүздү дүйнөлүк аренада татыктуу көрсөтө алышат. Биздин таланттуу балдарыбыз өздөрү жөнүндө ушул өңдүү иш чараларда бир гана жолу көрсөтүшпөйт, биз болсо мындан ары дагы аларга керек бологон колдоону көрсөтө беребиз. 
 


Асылбек уулу Алтынбек өз күчүнүн, аракеттеринин натыйжасында жана Чек ара башкармалыгынын колдоосу менен, Казакстандын КНБ аскердик академиясына өткөн. 2011- жылдын 27- августунда Алтынбек ант берүүнү кабыл алды, жана ошол эле жылдын 30- августунда Алматыга окууга кетти. Ал Академиянын 2- курсун ийгиликтүү аяктады. Окуудагы жана аскердик иш чаралардагы жогорку жетишкендиктери үчүн, чек ара аскерлер комитетинин «Мактоо грамотасына» ээ болгон. Алтынбек жакшы окуйт, анын тандап алган кесиби ага абдан жагат. Мүнөзү токтоо, оор басырыктуу, эмгекчил жана максатына жжетүүгө дайыма умтулат. Ал Балдар айылдарынын тарбиялануучулары үчүн  татыктуу үлгү. Мындан аркы пландарында Алтынбек окуусун аяктап, өлкөгө кызмат кылгысы келет, ошондой эле өзүнүн футбол командасын түзүп, бактылуу жашоону самайт.   


Буканова Милана эң кичинекей кезинен баштап балет мектебинде окуган. Ал з-класста эле окуп жатакан кезде, Бишкек Хореографиялык Училищенин директору Рейна Чокоева анын балеттик фактурасын жана сырткы келебетин белгилеген. Ал өзүнүн классында эң мыкты окуучуларынын бири. Милананы концеттерге жана спектаклдерге чакырышат. Экзамендерде ал дайыма жогорку бааларды алат. Ал фортепьяно классы боюнча музыкалык мектепти бүтүрдү. Милана төмөндөгү жана башка спектаклдерге катышкан «Раймонда», «Венский лес», «Похита», «Времена года».
2012-жылы Милана президентик стипендияга көрсөтүлгөн. Ошентип ал «Прелюдия» номинациясындагы стипедияга ээ болгон. 
Милана Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык Училищенин «балет артисти» адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Азыркы мезгилде Милана Кыргыз Улуттук Консерваториясынын 1- курсуна «Режиссура жана хореография» кафедрасына ийгиликтүү өттү.
 


Бишкек шаарыны Балдар айылынын таланттуу тарбиялануучусу, Герман Гмайнердин SOS ОТК нин 10- классынын окуучусу,  Жакып кызы Нурзада, 2013- жылдын 5 – февралында эл аралык стипендианттардын конкурсуна катышып, 1-орунду алды, Германияны өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Конкурска Бишкек шаарынын мектептеринен, Таласс областынан, Каракол шаарынан 40 окуучу катышты. Конкурстун тапшырмасы - «Биз 2020-жылда жашайбыз» деген темага немец тилинде сочинение жазуу болчу.    Август айынын башында жеңүүчүлөр Германияга бир айга барышат. Саякаттын программасы боюнча: Берлин, Бонн, Мюнхен, Кельн, Гамбург шаарларына барышат.
Мындай жыйынтыктарга Нурзада сөзсүз түрдө өз эмгеги менен жетти. Анын үстүнө Нурзада үчүн жолун ээрчигенге татыктуу үлгү бар- ал анын байкеси   ЖакыпуулуБекболсун, Бишкек шаарынын  SOS Балдар айылынын  таланттуу тарбиялануучусу.


Молдобаев Дильмурат,«Бишкек шаарыны SOS Балдар айылдарынын»,   таланттуу тарбиялануучусу, дүйнөдөгү эң бир мыкты деп эсептелген Жогорку Окуу жайлардын бири   - Массачусетс Технологиялык институтунун «Химиялык инженерия» факультетинин студенти.  Бул жогорку окуу жайга ал өз күчү менен өттү, окууга, учуп барууга жана АКШ визасын толтурууга грант утуп алган. Дильмурат талант гана эмес, ал – гениалдуулуктун үлгүсү. Анын көп тараптуу таланты илимдин жана чыгармачылыктын ар кайсы областарында өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ал жаш таланттардын көптөгөн конкурстарында сыйлыктуу орундарды ээлеп келген. Его многогранность  позволила ему проявить себя  различных  областях науки и творчества, с детства он занимал места во многих конкурсах  юных талантов. Техникалык илимдерге болгон анын кызыгуусу башка кызыккан нерселеринен дайыма жогору турчу. Дильмурат химия боюнча көптөгөн эл аралык жана  республикалык  олимпиадалардын катышуучусу болгон.  Ал айрыкча сыймыктана турган нерсе– Кембридж шаарында өткөн химия боюнча  олимпиадада үчүнчү орунду алган. Биздин уюм андан чоң нерселерди үмүттөнөт, жана биздин балдарыбыз дайыма аны үлгү тутушуп, Дильмурат жашоодо кандай ийгиликтерге жетишсе, ошолорго умтулушат.  Ал болсо өз кезегинде жакшы окуп, мыкты билим алууну максат кылып койгон, ал Кыргызстанга кайтып келип,  Америкалык жогорку окуу жайынан алган билимин иш жүзүндө өз өлкөсүнүн өнүгүшү жана алга жылышы үчүн колдонгусу келет.  


 

Биздин кеңселер

Дүйнөдөгү 133 өлкө менен аймактардагы 2100 ашуун программалар.

Башкы кеңсе - 720001 Бишкек, Исанов көч., 94 /3.

Тел.: (+996) 312 611546

Факс: (+996)312 611552

Кененирээк
Помогите детям